Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:31

Чыңгыз Айдарбеков Нью-Йоркто өткөн «С5+1» жолугушуусуна катышты


Чыңгыз Айдарбеков менен Майк Помпеонун маектешкен учуру. Нью-Йорк шаары.
Чыңгыз Айдарбеков менен Майк Помпеонун маектешкен учуру. Нью-Йорк шаары.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган кыргыз делегациясы «Борбор Азия + АКШ» (С5+1) деп аталган кызматташтык форматындагы тышкы саясий мекемелердин башчыларынын жолугушуусуна катышты. Жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын АКШдагы элчиси катышты.

Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөлүк согушкерлер менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу, коопсуздук жаатында аймактык кызматташтыкты илгерилетүү жана аймактык экономикалык өнөктөштүктү жана өнүгүүнү күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Айдарбеков жыйында Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизги атап, Борбор Азия өлкөлөрүнүн карым-катышына, ошондой эле алардын АКШ менен болчу мамилелеринде соода-экономикалык кызматташтыкка басым жасап, бул форматта аймактык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуш кылды.

Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы калыптанган кызматташтык форматын талкулап, алака-катышты мындан ары да тыгыз кармаганга макулдашты.

Ошондой эле, «С5+1» отурумунун жыйынтыгында Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамлекеттик катчысы М.Помпео менен эки тараптуу кыска жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен АКШнын алакасы, кызматташтык тууралуу эки тараптуу макулдашуунун долбоорун даярдоонун жүрүшү, ошондой эле кыргыз-америка мамилесиндеги маанилүү башка да маселелерди талкуулады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG