Европанын үч өлкөсү Иранды «Сауд Арабиясынын мунай объектилерине кол салды» деп айыптап чыгышты.
Улуу Британиянын, Франциянын жана Германиянын лидерлери Тегеранга кайрылып, чагымчылдык жолун эмес, диалогду тандоого чакырышты.
Үч өлкөнүн башчылары дүйшөмбү 23-сентябрда тараткан билдирүүдө «эки мунай объектисине урулган ракеталык сокку үчүн жоопкерчилик Иранда экени биз үчүн айдан ачык» деп айтылат.
Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйындары учурунда өткөн жолугушуудан кийин алар Иранды өзөктүк жана ракеталык программалары боюнча, аймактагы коопсуздук багытында узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөргө үндөштү.
Жакынкы Чыгышта абал 14-сентябрда күчөгөн. Иран чабуулдарга эч тиешеси жок экенин айтып келе жатат. (RK)