Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:46

Бишкекте «Санарип Кыргызстан» форуму өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте «Санарип Кыргызстан» деген аталышта маалымат технологияларынын кезектеги форуму өтөт.

Форумдун уюштуруучулары – «Интернет саясаты боюнча жарандык демилге» коомдук фонду менен Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет.

Киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо, ачык булактар жана санариптик тейлөө, санариптик маркетинг, электрондук коммерция жана билим берүү маселелери 10 секцияда талкууланат.

Уюштуруу комитетинин координатору Айканыш Иманалиева «Азаттыкка» билдиргендей, форумга Орусия, Казакстан, Украина, Финляндия жана АКШдан адистер келип катышат.

- Негизги максат – биздин IT адистерге колдоо көрсөтүп, тармакты өнүктүрүү. Алар жалгыз эмес экенин көрсөтүү, - деди ал.

Иш-чара Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин имаратында өткөрүлөт.

Маалымат технологияларына арналган форум Кыргызстанда эки жылда бир өткөрүлүп келе жатат. Быйылкы иш-чара жетинчиси. Жалпысынан катышуучулардын саны 2 миңге чамалайт.

Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Өлкөдө «Санарип Кыргызстан - 2019-2023-жыл» концепциясы иштелип чыккан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG