Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Мискенбаев Акыйкатчы аппаратынын комиссиясына жергиликтүү тургундарды кошууну сунуш кылды


7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды териштирүү боюнча Акыйкатчы аппаратында түзүлгөн комиссия менен парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадырбек Атамбаев, парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев жана Кой-Таш айлынын тургундары жолугушууда. Бул жолугушууну Атамбаевдин тарапташтарынын бири Кундуз Ажыбекова «Фейсбук» баракчасында түз алып көрсөтүүдө.

Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссияга ишенбей турганын белгилеп, ал эми Акыйкатчы аппаратында түзүлгөн комиссияга жергиликтүү тургундарды кошууну сунуш кылды.

Кой-Таш айлынын тургундары аларга укук коргоо органдары тарабынан басым болуп жатканын жана Акыйкатчы аппараты эч кандай чара көрбөй жатканын айтып жатышат. Ал эми аталган комиссия өз укуктарына ылайык териштирүү жүрүп жатканын билдирүүдө.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG