Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:40

Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет


Калый Молдобасанов.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгилөөгө камынып жатат. Мекеменин басма сөз кызматы мааракелик иш-чара 28-сентябрда Улуттук филармонияда өтөрүн кабарлады.

СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры, композитор жана дирижёр Калый Молдобасанов Кыргызстандын Композиторлор союзунун төрагасы, Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси болуп эмгектенген.

Ал 2006-жылы 77 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. (RK)

XS
SM
MD
LG