Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Бишкекте «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму ачылууда


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Бүгүн 25-сентябрда Бишкекте «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму ачылат. Быйыл төртүнчү жыл уюштурулуп жаткан форум мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтөт.

Иш-чаранын максаты – Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында ишкердикти өнүктүрүү, ишкерлердин өз ара алакасын бекемдөө, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, мамлекеттик органдардын ишкерлерге шарт түзүп беришин чогуу талкуулоо.

Алгачкы форум 2016-жылы Орусияда, кийин Казакстанда жана Арменияда өткөн.

ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болуу төрт эркиндик берерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын төрт өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG