Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:34

Кой-Таш боюнча комиссия кезектеги жыйынын парламентте өткөрүүнү көздөйт


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Кой-Таш окуясын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия кезектеги отурумун бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүүнү пландап жатат. Мындай чечим депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованын пикирин угуу жөнүндө сунушка байланыштуу буга чейинки отурумда кабыл алынган.

Комиссиянын төрагасынын орун басары, депутат Бактыбек Райымкулов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, аларга кат жөнөтүлгөн, бирок жыйынга келер-келбеси азырынча белгисиз.

- Жогорку Кеңешке жыйын өткөрүш үчүн жай бөлүп берүү тууралуу кат жөнөттүк. Карамушкина менен Кодурановага да кат жөнөтүлдү. Алар келсе өтөт жыйын, келбесе - анда айта албайм.

Быйыл 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясы жүргөн. Анын тарапташтары күч органдары менен кагылышып, бир офицер каза болгон. Ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Буга чейинки отурумда комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Карамушкина менен Кодуранова жыйынга келүүдөн баш тартканын жана бул алардын жеке чечими экенин билдирген. Бирок комиссия мүчөсү Исмаил Исаков эки депутат айым Кой-Ташта болгон окуялардын чордонунда жүргөнүн, алардын маалыматы менен пикири комиссия үчүн маанилүү экенин айткан. Натыйжада кезектеги жыйынды Жогорку Кеңешке барып өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG