Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Бишкекте «Парламентаризм мектеби» окутуу уюштурат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкекте «Парламентаризм мектеби» долбоорунун алкагында жыйынтыктоочу тренинг өтөт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна иш-чаранын уюштуруучусу, «Жарандык платформа» уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин парламентаризмдин ролун түшүндүрүүгө багытталган талкуулар Каракол, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында өткөн.

- Улам барган сайын парламенттердин сапаты төмөндөп жатат, - деди ал. - Бул президенттик системанын кайтышына шарт түзүшү мүмкүн. Ошого бөгөт коюш үчүн парламенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, бул ишке жарандарды тартууга аракет кылып жатабыз.

Бүгүнкү тренингге Жогорку Кеңештин депутаттары, юристтер жана эксперттер катышат. Кыргызстандын парламентинин ишин уюштуруу жана анын функциялары тууралуу кеңири маалымат берилип, талкуу өтөт.

Кыргызстан 2010-жылы Конституциясын өзгөртүп, парламенттик демократия жолуна түшкөн. Бирок талдоочулар өлкөдө чыныгы парламенттик башкаруу орной элек экенин айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG