Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия Чүй облустук акимчилигинин имаратында көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйынга Кой-Таш жана Арашан айылдарынын 60-70тей тургуну катышууда.
Буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева айылдын тургундары тандап киргизилип, окуянын бир топ тургундары чакырылбай калганын билдирген болчу.
Жыйын жүрүшүндө Кой-Таш айылынын айрым тургундары мындай иш-чараны облустук администрациянын имаратында эмес, айылдын өзүндө өткөрүү сунушун киргизди.
Комиссиянын төрагасынын орун басары, депутат Бактыбек Райымкулов айылда жыйын кылууга ылайыктуу имараттын жоктугунан, ушундай чечим кабыл алынганын, кийинки жыйындарды айылдын өзүндө өткөрүү пландалып жатканын айтты.
Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министрдин чечими менен 29-августта түзүлгөн.
Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер, эксперттер кирген.
Комиссия ишин 15-октябрда жыйынтыктайт. 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. (BTo/BkA)