Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Ошто миграциядан кайткандан кийинки жашоого аралашуу маселеси талкууланат


Москвада иштеген кыргызстандык эмгек мигранттары. Архивдик сүрөт.
Москвада иштеген кыргызстандык эмгек мигранттары. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарында чет жакта мигрант болуп иштеп келген тургундардын катышуусу менен адам укуктарын талкуулаган жыйын өтөт.

USAID агенттигинин «Ар-намыс жана укук» долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан жолугушууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат. Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду өткөрүп жатат.

Жыйында миграция, кулчулукка кабылуу коркунучтары тууралуу маалымат берилет. Миграциядан кайткандан кийинки жашоого аралашуу маселелери талкууланат.

Бүгүнкү жыйынды утурлай эмгек миграциясынан кайткан 30га жакын активдүү тургун үчүн эки лагерь уюштурулган. Ага бардык облустардын өкүлдөрү катышкан.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Орусиядагы элчи Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» алардын көбү, 1 миллион 200 миңи ошол өлкөдө экенин билдирген. Анын айтымында, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган. (RK)

XS
SM
MD
LG