Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:25

УКМК Шадиевди издөө уланып жатканын кабарлады


Аскарбек Шадиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди издөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган комитеттен «Азаттыкка» кабарлады. Маалыматка ылайык, Шадиевге эл аралык издөө жарыяланган жана кылмыш ишинин алкагында иштер жүрүп жатат.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон. Бул кылмыш иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан.

Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган болчу.

Жакында Аскарбек Шадиевдин кызы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу жайындагы өзүнө таандык үлүштү камактан чыгаруу боюнча сотко арызданган. Бирок Бишкек шаардык соту аны четке каккан. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (29)

XS
SM
MD
LG