Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:37

Казакстан Сириядан 506 баланы алып келди


Сириядан алынып келген балдар үчүн Казакстанда 15 реабилитациялык борбор ачылган.
Сириядан алынып келген балдар үчүн Казакстанда 15 реабилитациялык борбор ачылган.

Бул тууралуу Казакстандын билим берүү жана илим боюнча вице-премьер-министри Бибигүл Асылова 27-сентябрда маалымат жыйында билдирди. Бийлик аларга көмөктөшүп, коомго аралаштырууга аракет кылып жатканын айтты. Анын маалыматы боюнча өлкөдө өспүрүмдөргө социалдык-психологиялык жана укуктук колдоо көрсөтүү максатында 15 борбор ачылды.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирияга жалпысынан 800дөй жараны кеткенин маалымдаган. Ушул жылдын май айында казак бийлиги Сирияга кеткен жарандарын балдары менен алып келүү жараянын баштаган. Казакстанга кайткандардын айрымдарына кылмыш иши козголгон.

Ушул тушта кыргыз бийлиги Сирия менен Ирактын согуш болгон аймактарынан лагерлерде кармалып турган жарандарын, жаш балдарды алып келүүгө аракет кылып жатат. Буга байланыштуу атайын жумушчу топ да түзүлгөн.

Кыргызстанды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалыматына караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. Террордук топторго кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт. Көбү 2013-2015-жылдар аралыгында кетип калышкандар.

XS
SM
MD
LG