Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:01

Ооганстанда шайлоо күндөгү жардыруудан беш киши каза болду


Шайлоо комиссиясынын кызматкерлери. Кабул, 28-сентябрь, 2019-жыл.

Ооганстанда 28-сентябрда президенттик шайлоо өттү. Өлкө боюнча беш миңден ашуун добушкана ачылгган. Байкоочулар негизги атаандаштык азыркы президент Ашраф Гани менен өкмөт башчы Абдулла Абдулланын ортосунда жүрүп жатканын айтышууда. Добуш берүү башталгандан көп өтпөй бир канча шайлоо участкаларында жардыруу болду. Бери дегенде беш киши каза болду, ондогон адам жаракат алды. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» радикал кыймылы өзүнө алды. Талибдер муну утурлай шайлоону үзгүлтүккө учуратуу ниетин билдирип, жарандарды добуш берүүгө барбоого чакырган. Байкоочулар талибдердин мындай эскертүүлөрүнөн кийин шайлоочулардын азыраак келгенин билдиришти.

Шайлоочулар добуш берүү процесси 2018-жылы парламенттик шайлоого караганда жакшы уюшулганын белгилешкен менен техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу да маалыматтар айтылып жатты. Айрымдар өздөрүн тизмеден таппай калган учурлар болду.

Бул экстремисттик «Талибан» кыймылынын режими 2001-жылы кулагандан берки төртүнчү президенттик шайлоо. Буга чейин АКШ менен «Талибандын» ортосунда келишимге жетишүү даярдыктарына байланыштуу добуш берүү эки жолу жылдырылган. Бирок сентябрдын башында АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскердин өлүмүнө алып келген Кабулдагы терактка байланыштуу талибдер менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Кабулдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» тобу өзүнө алган.

Шайлоонун жыйынтыктары азырынча чыга элек.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG