Чүйдө өспүрүм ага-ини балдар даараткананын чуңкуруна түшүп кетип каза болушту. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 28-сентябрдын кечинде Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында болгон.
Чүй милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова «Азаттыкка» айтканына караганда, балдар кырсыкка ойноп жүрүп кабылышкан.
- Баштапкы маалыматка караганда, балдар короодо ойноп жүрүп, бирөө дааратканага түшүп кеткен. Артынан улуусу барып куткарып алайын деп, ал да түшүп кеткен. Экөө тең ошол жерден каза болгон, - деди ал.
Нусупова балдардын бири жетиде, улуусу 13тө экенин кошумчалады. Факт Бирдиктүү реестрге катталды. Сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. (RK)