Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Москва шаардык соту Устиновдун жазасын жумшартты


Павел Устинов.
Павел Устинов.

Москва шаардык соту 30-сентябрда актёр Павел Устиновдун ишин карады. Анда соттук коллегия Устиновдун өтө оор кылмыш кылган деген айыбын да, жазасын да жумшарткан өкүм чыгарды. Ага ылайык, Устинов бир жылга шарттуу эркинен ажыратылды.

Мунун алдында прокурорлор актёрду үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууну өтүнүшкөн эле.

Москвадагы Тверь райондук соту 16-сентябрда Устиновду 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал 3-августта Москвада таза шайлоого чакырган митинг өтүп жаткан аймакка жакын жерде камакка алынган. Устиновго «аны кармоо учурунда Улуттук гвардиянын жоокерине кол салган, денесине залал келтирген» деген айып коюлган. Устинов болсо акцияга катышпаганын, болгону ошол учурда метронун жанында досун күтүп турганын билдирген.

Москвада Устиновду колдогон акция өткөн. Президенттик администрациянын алдына чогулган жүздөй адам актёрду бошотууну талап кылган плакатты ар бири бир мүнөттөн, улам кезектешип көтөрүп турган.

Орусиядагы бир катар белгилүү өнөрпоздор дагы камактагы актёрду колдогон онлайн-флешмоб өткөргөн.

Москва шаардык соту 20-сентябрда Павел Устиновду үй камагына чыгарган.

XS
SM
MD
LG