Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:36

ӨКМ Бишкектеги сирена шаймандарын жапырт иштетет

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-октябрда машыгуу өткөрүп, сиреналарды жапырт иштетет. Бир эле учурда шаардын ар кайсы аймактарында 40 сиренанын үнү жаңырат. Министрликтин басма сөз кызматы тургундарды андан чоочуп, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. 

Саат 10:00-11:00 аралыгына белгиленген машыгуу Жарандык коргонуу комиссиясынын чукул кырдаалдарга даярдыгын сыноодон өткөрөт. Иш-чара «Кырсык коркунучун азайтуу» айлыгынын алкагында уюштурулууда. 

Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкекте элди кооптуу кырдаалдардан кабардар кылуу максатында 126 жерге сирена орнотулган. (SE) 

XS
SM
MD
LG