Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:57

Судья Абдиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду


Курмантай Абдиев.

Жогорку Кеӊеш жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай Абдиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушка макулдугун берди. Мыйзамга ылайык, мамлекет башчынын мындай сунушу менен президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Анын айтымында, Абдиев 2019-жылдын 1-октябрында 70 жашка толду.

Курмантай Абдиев 2015-жылы Конституциялык палатанын судьялыгына 7 жылдык мөөнөт менен шайланган. Мыйзамга ылайык, судьялар үчүн жаш курагынын чеги – 70 жаш.

Абдиев V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон. Ага чейин Курмантай Абдиев прокуратура органдарында, сот түзүмдөрүндө иштеген. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG