Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:09

Кыргызстанда кылган кылмышы үчүн издөөдө жүргөн орус жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы өнөктөшү жазган арызынын негизинде мамлекет аралык издөөдө жүргөн орус жараны Москвадан кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз милициясы Москванын ички иштер башкармалыгы менен бирге жүргүзгөн операциянын натыйжасында 50 жаштагы адам колго түшүрүлдү. Ал Кыргызстандагы жеке ишканалардын бирине «өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, тергөөдөн качып жүрөт» деп шек саналып жаткан.

Кылмышка шектүү орус жараны 2016-жылы ишкананын жетекчиси болуп турганда «чийки мунай өнүмүн жөнөтөм» деп 328 миң долларлык келишимге кол койгон. Бирок келишимдеги милдетин аткарбай, качып кеткен. Ал келтирген зыян дээрлик 23 миллион сомго бааланууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG