Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Кесиптик кошуундардын ишмердиги текшерилет


Кесиптик кошуундар жөнүндө мыйзам долбоору.
Кесиптик кошуундар жөнүндө мыйзам долбоору.

Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев кесиптик кошуундардын ишин текшерип чыгууну сунуш кылды. Эл өкүлү бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда парламенттин жыйынында «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланып жаткан учурда билдирди. Депутат кошуундарда канча каражат бар экенине кызыгып, толук жооп ала албаган соң:

- Бир ай ичинде Коррупцияга каршы күрөш кызматы кесиптик кошуундардын акчасын, имаратын текшерип чыксын. Мыйзамды андан кийин талкуулабайлыбы? - деди.

Спикер Дастан Жумабеков кесиптик кошуундардын ишин мекеме аралык комиссия текшерип жатканын айтты.

Кыргызстандагы Кесиптик кошуундар (профсоюздар) федерациясынын төрөгасынын орун басары Рысгүл Бабаева мыйзам долбоору буга чейин толук талкууланбай калганын, кайрадан коомдук талкууга чыгаруу зарыл экенин белгилеп жатат. Айрым депутаттар кесиптик кошуундар эс алууга жолдомо берүүдөн башка иш алып барбай калганын, мыйзам моралдык жактан эскиргенин белгилесе, кээ бири талаш-тартыш болгон шартта кабыл алуу туура эмес экенин айтты.

Мыйзам долбооруна «кесиптик кошуундардын жетекчилери шайлансын, маалымат каражаттарына отчётун жарыяласын» деген нормалар киргизилген. Мындан сырткары кошуундун мүчөлөрүнүн жаш курагы 70 жаштан 65 жашка түшүрүлгөн.

Парламентте иштелип чыккан мыйзам долбоору быйыл апрель айында коомдук талкууга коюлган, июнь айында биринчи окууда кабыл алынган. Анын авторлору Кыргызстанда кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулук, бирдиктүү саясат жок экенин, республикалык бирикме тармактык, аймактык уюмдар менен системалуу түрдө иштей албай жатканын жана мыйзамдык базанын так эмес экенин жүйө келтиришүүдө.

1-октябрда Кесиптик кошуундар үйүнүн алдында нааразылык акциясы өткөн. Кесиптик кошуундар депутаттар алардын пикирин эске албай жатканын, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса эмгекчилердин кошуундарга биригүү укугу чектелип, мүчөлүк төлөмдөрдү аныктоо укугу өкмөткө өтөрүн айтып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG