Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:39

Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берүү сунушталды


Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен. 20-сентябрь, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров өкмөткө кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир берүүнү сунуш кылды.

Бул тууралуу ал парламентте 3-октябрдагы жыйынында айтты.

- Машыктыруучуга бир бөлмөлүү болсо да батир берсеңер чоң колдоо. Токиодо өтө турган Олимпиадада Айсулуу жеңет деген үмүттүн акталышына кошкон салым болот, - деди Бакиров.

Айсулуу Тыныбекова 20-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болгон. Ал кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалдык таймашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди 5:3 эсебинде утуп алган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тыныбекованын ата-энесин жана машыктыруучусун кабыл алып, спортчу кызга үч бөлмөлүү батир берген. Ал эми машыктыруучусу Нурбек Изабеков акчалай сыйлык алган.

Айсулуу Тыныбекова - Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG