Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

АРИС суммасы 205 млн. доллар болгон 12 долбоорду ишке ашырууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) учурда жалпы суммасы 205 млн. доллар болгон 12 долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев АРИСтин калкты ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу маселеси айрыкча аймактарда курч болуп турганын айтып, сууну үнөмдүү колдонуш керек экенин кошумчалады:

- Президент Сооронбай Жээнбеков жарандарды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө маани берет. Бул маселени комплекстүү чечүү менен жөнөкөй жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга шарт түзүлөт, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүнү шарттайт.

Премьер-министр ошондой эле суу объектилерин оңдоп-түздөөгө жана инфратүзүмдү өнүктүрүүгө тартылган каражатты натыйжалуу колдонуу керек экениин белгиледи. (BTo)

XS
SM
MD
LG