Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:46

Иракта калайман баш аламандыкта 18 адам өлдү


Иракта нааразылык акциялары 1-октябрда башталган.

Иракта коменданттык саат жарыяланганына карабай 3-октябрда да өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланды. Полиция демонстранттарга ок атуучу курал, көздөн жаш агызган газ колдонду. Өлгөндөрдүн арасында полиция кызматкерлери да бар.

Бийлик өлкөнүн борбору Багдадда таң эрте жолдорго чектөө киргизгенине карабай, Тахрир аянтына ондогон адам чогулду.

Багдадда 2-октябрда кечинде мамлекеттик мекемелер, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана элчиликтер жайгашкан райондо 2-октябрда жардыруу болду. Айрым бир маалыматка караганда «жашыл аймакка» эки ракета кулаган. Кол салууда жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Борбор шаарда бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясынын жана суунун улам өчүрүлүп жатышына нааразы болуп жатышат.

Ирактын бир топ аймактарында Интернет чектелип, «Фейсбук», «Твиттер», «Инстаграм», «Whatsapp» өңдүү социалдык тармактарга, мессенжерлерге бөгөт коюлду.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG