Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Пхеньян «Пуккыксон-3» ракетасын ийгиликтүү сынаганын билдирди


«Пуккыксон-3» ракетасынын сыноосу. 2-октябрь, 2019-жыл.
«Пуккыксон-3» ракетасынын сыноосу. 2-октябрь, 2019-жыл.

Түндүк Корея суу алдынан учурулган баллистикалык ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялады. Пхеньяндын башкы жаңылыктар агенттиги 2-октябрдагы сыноо «Түндүк Кореянын аскердик жактан өзүн-өзү коргоо кудуретин мындан ары да күчөтөт» деп билдирди.

Мамлекеттик агенттик эки күн мурда сыноодон өткөн ракетаны «Пуккыксон-3» деп атап, аны суу алдында жүрүүчү кемеден да учурса болорун белгиледи.

Бирок Пентагондун маалыматы боюнча, Түндүк Корея кыска аралыктагы ракетасын суу алдындагы кемеден эмес, деңизде атайын курулган платформадан гана учурган.

Пхеньян соңку ракетасын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу маселеси боюнча АКШнын расмий өкүлдөрү менен ушул аптада сүйлөшүү өткөрөр алдында сынап жатат. Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы сүйлөшүүлөр 4-5-октябрда Швециянын баш калаасы Стокгольмдо өтөрү кабарланган.

Британиянын, Франциянын жана Германиянын өтүнүчүнөн кийин
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын ракета сыноолору боюнча кийинки жумада кеңешме өткөрмөй болду.

XS
SM
MD
LG