Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:09

Ирактагы массалык нааразылык бүт өлкөгө жайылды


Ирактын Багдад шаарындагы демонстрация.

Багдаддагы нааразылык акцияларында соңку үч күндүн ичинде өлгөндөрдүн саны 65 адамга жетти. Жалпы улуттук демонстрациялардын катышуучулары өкмөттөгү коррупцияны токтотуу талабын коюп жатышат. Reuters агенттиги кабарлагандай каршы чыккандарга полициянын снайперлери ок чыгарды.

Жума күнү премьер-министр Адель Абдул Махди жарандарды сабырдуулукка чакырып, реформаларды жүргүзөрүн убада кылды. Бийликти сындаган саясатчылар өкмөттү акцияга чыккандардын чакырыгына угууну үндөдү.

Багдаддын полициясы демонстранттарга ок атуучу курал менен көздөн жаш агызган газ колдонууну улантууда. 3-октябрда борбор калаада коменданттык саат жарыяланганы менен ал акцияларды токтото алган жок.

Кан төгүүлөр Ирактын башка шаарларында да катталганы кабарланды. Атайын лидери жок нааразылык акциялары башка провинцияларга да жайылды. Өлкөнүн түштүк жагындагы райондордо башаламандыктар, зордук-зомбулуктар күч алды.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG