Гонконгдун администрациясынын демонстрация учурунда беткаптарды тагынууга тыюу салган демилгесине каршы шаардын миңдеген жашоочусу алдын ала пландалган көчө акциясына чыгышты. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.
Калаа жетекчиси Кэрри Лам атайын мыйзам аркылуу тыюу салууну сунуштаган. Ал мындай кадамга полиция кызматкери ок атуучу курал менен 14 жаштагы демонстрантты жарадар кылгандан кийинки нааразылыктардан кийин барып жатат.
Би-Би-Синин жергиликтүү кабарчысы билдиргендей, ушул ишемби – шаардыктар жүзүн чүмкөнө ала турган акыркы күн.
Митингге чыккандар чектөө чаралары мындан ары да татаалдашы мүмкүн экенин айтып, бийликти артка кайтууга чакырышууда.
Гонконгдогу нааразылыктар быйыл мартта башталган. Демонстранттар аймакта кылмыш кылгандарды Кытайдын сотуна өткөрүп берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгып, шаардык парламентти аны чакыртып алууну талап кылып келет.
Күздө талаптын тизмеси узарды – акцияга чыккандар шаардын автономиясын сактап калууну жана кытайчыл шаар жетекчилигин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылган. (ErN)