Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрү 2019-жылдын алгачкы сегиз айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринен 64 кылмыш ишинин материалдарын жок кылып же каттабай койгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Ош шаардык прокуратурасы текшерүү учурунда ал фактылардын ичинен “Бузуу жөнүндө” кодекстин негизинде чара көрүүчү иштер бар экенин тактады. Кыскартылган иштер кайда экени такталган жок.
Мындан сырткары Ош шаардык ички иштер башкармалыгы чара көрүү үчүн аймактык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына өткөрүп берген 264 иштин 60 фактысы боюнча протокол түзүлбөгөнү белгилүү болду.
Милициянын аракеттери боюнча фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «шалаакылык», «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери менен катталды. Сотко чейинки өндүрүштү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгы жүргүзмөй болду. (ErN)