Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Иран үч айдан бери абакта отурган австралиялык блогерлерди бошотту


Марк Фиркин менен Жоли Кинг.
Марк Фиркин менен Жоли Кинг.

Австралиянын өкмөтү тыңчылыкка айыпталып Иранда кармалган блогер-саякатчы жубайлар Марк Фиркин менен Жоли Кинг бошотулганын кабарлады.

Июлда кармалган жарандар “Тегеран менен өтө кылдат сүйлөшүүдөн” кийин эркиндикке чыгарылганын 5-октябрда Австралиянын тышкы иштер министри Мэрис Пэйн өлкөнүн борбор шаары Канберрада билдирди. Анын айтымында, тыңчылык айыбы да алынган.

Пэйн аз күн мурда Иранда кармалган Австралиянын дагы бир жараны камакта калып жатканын кошумчалады.

Өткөн айда ирандык Mizan агенттиги өлкөнүн соттук системасынын өкүлү Голамхосейн Эсмаилге таянып, Фиркин менен Кингге "дрондорду пайдалануу менен аскердик объектилерди тасмага тарткан" деген айып коюлганын кабарлаган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарларына ылайык, алар Тегерандын Эвин түрмөсүндө кармалып келген. Сентябрдын башында Австралиянын расмийлери өзүнүн үч жаранын бошотуу үчүн Иран менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG