Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:46

АКШнын президенттигине талапкер Сандерс инфаркт болду


Берни Сандерс
Берни Сандерс

Вермонт штатынан көз карандысыз талапкер, 78 жаштагы Берни Сандерстин штабы ал инфаркт болгонун ырастады. АКШ президенттигине талапкер шейшембиде Лас-Вегастагы ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.

Президенттикке талапкерлердин арасындагы эң улгайганы болгонуна карабай саясатчыга дебаттарда ден соолугуна байланыштуу суроолор берилбегенин жергиликтүү басылмалар жазып жатышат.

Сурамжылоолор боюнча алдыда келаткан демократтардын башка талапкерлери – мурдагы вице-президент Жо Байден 76 жашта, ал эми сенатор Элизабет Уоррен 70 жашта Азыркы президент Дональд Трамп 73 жашта, ал Американын тарыхында эң кары президент болду.

Берни Сандерс "Твиттерге" өзүн жакшы сезип жатканын, ишке кайра кайтып келерин жазды.

АКШнын президенттигине шайлоо 2020-жылдын ноябрь айына белгиленген. (ErN)

XS
SM
MD
LG