Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин алдында «Азаттык» радиосунун операторуна Ош шаарында болгон мамилеге каршы «Унчукпай коё албайм» деген акция өткөрүүдө. Анын айтымында, радионун айланасындагы акыркы окуяларды сөз эркиндигине карата басым катары кабыл алса болот.
Активист акция өткөрүп жаткан учурда милиция кызматкерлери келип, азыр Бишкектеги борбордук аянтта ар кыл акцияларды өткөрүүгө тыюу салынганын айтып, Токтонасыровго пикетин Горький аянтында улантууну сунуш кылышты.
Өндүрүш Токтнасыров буга макул болбой, Ички иштер министрлигинин алдына барып пикетке чыгарын билдирди. Ал «Азаттыктын» операторунун иши боюнча көз каранды эмес комиссия түзүп, аны бейтарап иликтөөнү талап кылууда.
28-сентябрда «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов Ош шаарында дрон аркылуу материал тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип кол салып, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.
Ал Бишкекке келип, учурда ооруканалардын биринде дарыланып чыкты. Кулчумановдун расмий өкүлү Анара Мамиева буга чейин Кулчуманов дарыланууга муктаж экенин айткан.
Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгогон.
Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган.
Өз кезегинде Руслан Матраимовдун бакча кызматкери Ооматбек Абдыкадыр уулу башына дрон кулап келип түшкөнүн айтып, милицияга арыз жазган. Бул боюнча экспертиза дайындалып, жыйынтыгы өткөн жумада жарыяланды. Анда Кулчуманов жаракат албаганын, ал эми Абдыкадыр уулу башынан жаракат алды деген жыйынтык чыгарып берген.
Буга чейин «Азаттык» радиосу бул ишти иликтөөнү Оштон Бишкекке өткөрүп берүүнү суранып, ИИМге арыз менен кайрылган. (BkA/GT)