Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Боррел: Евробиримдик Украинаны бекемдеши керек


Жозеп Боррел.
Жозеп Боррел.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссарлыгына башкы талапкер Жозеп Боррел Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоо жана бул өлкөдөгү демократияны өнүктүрүү аракеттери уланышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Европарламентте сүйлөп жатып билдирди:

- Мен Орусияга каршыдай көрүнгүм келбейт. Бул өлкө бизди энергия менен камсыз кылат. Орусияны жок деп эсептеп, ага карата жалаң эле санкция саясатын колдоно албайбыз. Биз Украинаны бекемдешибиз керек.

Боррел белгилегендей, соңку беш жылда Евробиримдик Украинага 15 миллиард евро бөлдү.

Испаниянын башкы дипломаты Боррел жаңы кызматка 1-ноябрда киришет. Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссарынын милдетин учурда Федерика Могерини аткарууда. (RK)

XS
SM
MD
LG