Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:14

Өкмөт жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлерге транспорт салыгын текшерүүгө тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жол коопсуздугун камсыз кылган инспекторлор мындан ары кызматына түз тиешеси жок болгон бир катар ашыкча милдеттерди аткаруудан бошотулду. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылган ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери айдоочулардан төмөндөгүлөрдү текшерүүгө укугу жок:

- IV топтогу мүлккө (транспорт каражаттарына) салык төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти;
- машине менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча ишкерлик кылса, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктү же ыктыярдуу патент же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;
- кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү ташууда төлөм үчүн же жалдоо боюнча ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин.

Мындан тышкары 12 жашка чейинки курактагы балдарды мотоциклдин арткы отургучуна отургузууга, жүк ташуучу машинелердин кузовуна отургузууга бөгөт коюлду.

Ошондой эле «Таксомотор» (такси) жаңы белгилери киргизилди. Өкмөт «Таксомотор» (такси) белгисинин киргизилиши такси паркын бирдиктүү тартипке (формага) алып келет, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү коммерциялык жол менен ташуу бөлүмү боюнча бир катар ченемдик-укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын шарттайт, деп билдирди. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG