Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекетинде пайда болуп жаткан тыгындын себептери боюнча түшүндүрмө берди.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош-Анжиян автобус каттамы ачылгандан бери бул бекет аркылуу өткөндөр айрыкча базар күндөрү көп болууда. Дем алыш күндөрү жүргүнчүлөрдүн саны 24 миң адамга чейин жетип жатат. Паспорт текшерген 22 кабинанын үчөө Ош-Анжиян жана Анжиян-Ош каттамын текшерүүдө.
Кыргызстандын Ош шааары менен Өзбекстандын Анжиян шаары коңшулаш жайгашкан. Эгемендик алгандан кийин 2005-жылкы Анжиян окуясына чейин кошуналар бири-бириникине «Достук» аркылуу маршруттук каттам менен барышчу. Анжиян окуясынан кийин Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап, андан өтүү бир топ татаалдашкан. Машинелердин жана жөө адамдардын кирип-чыгышына 2017-жылы эки өлкөнүн президенттери кол коюшкан келишиминен кийин жол ачылган.
Ош-Анжиян автобустук каттамы быйыл 5-сентябрда кайра ачылган. (RK)