Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 18:39

Жаш көрүүчүлөр театрынын юбилейлик сезону ачылат


Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры.

Бүгүн, 9-октябрда Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын кезектеги сезонунун ачылышы болот. Бул жолку театралдык сезон юбилейлик.

Отузунчу сезон драматург Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» пьесасы боюнча коюлган спектакль менен ачылат. Алгачкы жолу бул чыгарманы режиссёр Алмаз Сарлыкбеков 2004-жылы койгон.

Жаш көрүүчүлөр театры 1929-жылы ачылган. 1937-жылы анын сахнасында актриса катары 14 жаш курагында Бакен Кыдыкееванын жылдызы жанган. Кыдыкееванын ысымы театрга 2005-жылы ыйгарылган.

Кыргызстанда 18 мамлекеттик, ондон ашык жеке менчик театр бар. (RK)

XS
SM
MD
LG