Жерүй алтын кени боюнча нааразылык акциясына үндөгөн активист Аманбол Бабакулов Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна билдирди.
Буга чейин «Жерүй: кечээ, бүгүн, эртең» деген аталышта элдик жыйын өткөрүү боюнча демилге көтөргөн жарандык активист Айбек Бузурманкулов да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берип жатканы белгилүү болгон.
ИИМдин басма сөз кызматы ал Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга чакырык» беренесинин негизинде факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралып жатканын билдирген.
Демилгечи топ Таласта 1-октябрда Жерүй алтын кени боюнча элдик жыйын өткөрүүнү пландаган. Алардын пикиринде, баасы 5 млрд. долларга барабар, алтындын ири кору бар кенди иштетүү укугун 100 млн. долларга берүү мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет. Демилгечи топ жеке компанияларга берилип кеткен Жерүй сыяктуу кендерге мамлекеттик үлүш киргизүүнү сунуш кылган. Бийликтин эскертүүсүнө байланыштуу элдик жыйын өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылган. (RK)