Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев мас болуп автоунаа айдагандарга салынчу айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү же айдоочулук күбөлүктөн ажыратууну сунуш кылды. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында билдирди:
- Айдоочулук күбөлүктөн жок дегенде бир жылга ажыратыш керек. Же болбосо айыпты 50-70 миң сом кылыш керек. Коңшу мамлекетте биздин маалымат боюнча айып 500 миң теңге экен. Ал 150 миң сом болот. Биз 150 миң сом кылбасак да 50-70 миң сом кылышыбыз керек. Спирт ичимдиктеринен тышкары баңгизат колдонгондорго да ушундай чара колдонуш керек.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу мас абалында машине айдагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салууну сунуш кылган.
2019-жылдын 1-январынан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айып пулдун өлчөмү көбөйгөн. Бул эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айып пул салынат. (BTo)