«Эйр Манас» авиакомпаниясы бүгүн, 10-октябрда жүргүзүлө турган Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча алты каттамдын учуу убактыларын техникалык себептерден улам жылдырды.
Калган каттамдар ырааты менен аткарылат.
Өзгөрүүгө туш болуп токтотулган каттамдар:
193-каттам Бишкек-Ош, убактысы - 7:35
194-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 9:50
195-каттам Бишкек-Ош, убактысы 18:45
196-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 20:50
201- каттам Бишкек-Ош, убактысы - 23:00
202-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 01:00
«Эйр Манас» ушуну менен акыркы эки айда каттамдарын үчүнчү жолу токтотуп, убактыларын жылдырып жатат.
Авиакомпания техникалык себептерден улам 9-октябрда жана 25-сентябрда да Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча каттамдарын токтоткон. Компаниянын бир гана учагы бар.
Учуу убактысы боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө 0770781391 чөнтөк телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот. (BTo)