Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Ошто мамлекеттик кызматкер «мыйзамсыз сый акы алган» деп шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарынын милициясы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Оштогу филиалынын кызматкерин мыйзамсыз 10 000 сом алып жатканда кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалымат боюнча, Ош шаарынын тургуну мамлекеттик органдардын биринин кызматкери пара талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган.

Арызында Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун кызматкери өндүрүш объектисинин документтерин бүтүрүш үчүн 10 000 сом сурап жаткандыгын билдирген.

Арыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 238-беренеси («Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алышы») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө башталган.

Учурда ИИМдин Ош шаардык Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG