Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

ТИМ жарандарды Түркиянын бажы регламентин сактоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын бажы жана чек ара пункттарында, түрк аэропортторунда белгиленген көлөмдөн ашкан тамеки жана алкоголь алып өтүүгө аракет кылып кармалган жана камакка алынган кыргыз жарандары көбөйгөнүн маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Түркиянын бажы мыйзамдарына ылайык өлкөгө ченемден ашкан тамеки жана ичимдик алып кирүү кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш болуп саналат.

Аларга Түркиянын Жазык кодексинин «Аткезчилик» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эркинен ажыратылат, ошондой эле административдик айып пул салынат.

Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөндөрдү Түркияга алып кирүү боюнча Түркиянын бажы регламентин катуу сактоого чакырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG