Бүгүн Бишкекте Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өтүп жатат.
Мелдешке Жогорку Кеңештин жана НТС, ЭлТР, "Маданият", КТРК, "Кыргыз радиосу", "Жалбырак ТВ", Би Би Си, "Азаттык", "Бешинчи канал", "Кабар", "Пирамида" каналдарынын командалары катышууда.
"Азаттык" радиосунун өкүлдөрү НТС, "Маданият" жана КТРК менен бир топко бөлүндү.
Бүгүнкү мелдешти өткөрүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков колдоо көрсөтүүдө.
Турнир Кыргызстандын Футбол федерациясынын оюн талаасында (Бишкек шаары, Медеров көчөсү 1«Б») өтүп жатат.
Султан Жумагулов өмүрүн кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө арнап, «Ленинчил жаш», «Эркин-Тоо», «Асаба» гезиттеринде, ВВС, «Азаттык» эл аралык маалымат кызматтарында, ошондой эле ЭлТР, КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарда узак жылдар бою эмгектенген.
Коомдук-саясий иштерге да жигердүү аралашып, журналист катары көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы жылы маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалап, 2018-жылдын 8-октябрында узакка созулган оорудан улам көз жумган. (ECh)