Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Назарбаев «кош бийлик» тууралуу кептерди четке какты


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев «Хабар» телеканалындагы маектешүү учурунда. 11-октябрь, 2019-жыл.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев «Хабар» телеканалындагы маектешүү учурунда. 11-октябрь, 2019-жыл.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев «кош бийлик тууралуу айың кептерди качкын уурулар, саткындар таратып жатышат» деп 11-октябрда «Хабар» телеканалындагы маегинде билдирди.

«Элбасы» азыркы ыйгарымдары тууралуу сөз кылып, ал башкарган Коопсуздук кеңеши ички жана тышкы саясаттагы маселелерди чечерин, аны менен кадрлар макулдашылып турарын, бирок ал коллективдүү орган экенин белгиледи. Назарбаев президент Касым-Жомарт Токаев аны менен кеңешип турарын, бирок чечимдерди ошол кеңеш сураган киши кабыл аларын да кошумчалады.

Экс-президент интервью учурунда бир нече жолу «уурулар» тууралуу сөз кылып, бирок алардын аттарын атаган жок.

«Элбасы» ал мамлекеттин башында турган дээрик 30 жылда өлкө «ири ийгиликтерге» жетишкенин да белгиледи.

Назарбаевдин тушунда анын, мүлкүнүн жана жакындарынын кол тийбестигине кепилдик берген мыйзамдар кабыл алынган. Экс-президентке өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектөө укугу берилген.

Акыркы айларда Казакстанда уруксат берилбеген митингдер өтүп келди. Айрымдарын тыюу салынган «Демократиялык тандоо» деген уюм уюштурган. Назарбаевди сындагандар ал саясий оппоненттерин куугунтуктаган авторитардык режим түзгөнүн айтышат.

XS
SM
MD
LG