Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:57

Батукаев боюнча сот эртеңкиге жылдырылды


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча баштапкы соттук отурум 15-октябрга жылдырылды. Буга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн баш тартканы себеп болду. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, УКМКнын тергөө абагында кармалып турган мурдагы президент бул сотко катышууну каалабайт.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Бирок тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши козголгон 14 адам тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан алардын макамы өзгөртүлгөн. Учурда «Коррупция» беренеси боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG