Ички иштер министрлиги (ИИМ) кызматкерлери массалык түрдө жумуштан кетип жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта «ички иштер органдарынан бир айда 50 кызматкер кетип жатат» деген маалымат «негизинен күчөтүлгөнү» айтылат. Бирок ошол эле учурда ишин тапшырган милиция кызматкерлери көбөйүп жатканы ырасталган.
ИИМ «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамдын негизинде 2020-жылдан баштап бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерининин негизги айлыгы 40% чейин көтөрүлөрүн билдирди.
Министрлик ушул эле мыйзам күчүнө киргенде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, ардагерлеринин шарттары кыйла жакшырарын кабарлады. (BTo)