Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:42

Сузактагы айланма жолго 45 метр бийиктикте желек орнотулду


Сузактагы айланма жолго орнотулган желек.

Ош-Бишкек жолунун Сузак району тараптагы айланма жолуна бийиктиги 45 метр келген флагшток орнотулуп, ага узун-туурасы 20-10 метр болгон мамлекеттик туу илинди.

Флагштоктун пайдубалына Барпы Алыкуловдун, Курманжан Датканын, Абды Сүйөркуловдун жана Бекмамат Осмоновдун сүрөт-элеси түшүрүлгөн.

Анын ачылышына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эки миңдей адам катышты.

Аны орнотууну KG ГРУПП курулуш компаниясы колго алган. Мындай флагшток аталган компания тарабынан буга чейин Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарына коюлган. Кийинки жылы Нарын облусуна орнотулмакчы. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG