Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 21:52

Экс-мэрлердин соту Батукаев боюнча соттон улам башка күнгө калды


Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов. Коллаж.

Кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча ишке байланыштуу Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун бүгүнкүгө белгиленген соту өткөрүлгөн жок.

Шаардык соттун маалымат катчысы Айсулуу Жаасынованын айтымында, отурумга катыша турган эксперттер келген жок, ал эми жактоочу Сергей Слесарев Биринчи май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин процессине катышарын билдирди.

Кийинки отурум 18-октябрга пландалды.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып келишет.

Атамбаев Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттолууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG