Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:27

Ким Чен Ын өз өлкөсүндөгү эң бийик тоого чыкты


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. 16-октябрь, 2019-жыл.

Түндүк Кореянын борбордук жаңылыктар агенттиги өлкө лидери Ким Чен Ындын өлкөдөгү эң бийик тоого ат минип чыкканын көрсөткөн сүрөттөрдү жарыялады.

Ал сүрөттөрдөн Түндүк Кореянын башчысы кар баскан Пэктусан тоосунда боз атты чаптырып жүргөнүн көрүүгө болот.

Адистер бийликти бир колдо кармаган авторитардык лидер бийиктиги 2750 метрге жеткен бул тоого Пхеньян маанилүү билдирүү жасаардын алдында бара турганын белгилеп келишет.

Мисалы, 2017-жылдын соңун утурлай Ким Чен Ындын Пэктусан тоосундагы кезектеги сүрөттөрү жарыяланган. Көп өтпөй Түндүк Кореянын лидери жаңы жылдык кайрылуусунда Түштүк Корея менен алака жакшыра турганын ишарат кылган.

Бул жолу расмий Пхеньян «чоң операция» даярдалып жатканын билдирүү менен чектелди.

Мамлекеттик медиа Пэктусан тоосун Түндүк Кореянын башкы символдорунун бири жана Ким Чен Ындын атасынын туулган жери катар көрсөтүп келет.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG