Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:41

Түркияда күрд кошуундарына каршы жортуулду сындагандар камалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы түрк аскерлеринин операциясын социалдык тармактарда сындаган 24 адам камакка алынды.

"Reuters" маалымат агенттигинин билдиришинче, Анкара жортуул тууралуу терс билдирүү тараткан жүздөгөн адамга, анын ичинде күрд депутаттарына карата иликтөө баштады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 16-октябрда парламентте сөз сүйлөп, эл аралык коомчулуктун жортуулду токтотуу талабын четке какты. Ал алгач Анкарага келаткан АКШнын вице-президенти Майк Пенс жана мамлекеттик катчы Майк Помпео менен жолукпай турганын айтып, бирок көп өтпөй эле пикири өзгөргөнү белгилүү болгон.


Анын алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон түрк аскерлеринин чабуулун токтотууну катуу талап кыларын жана Анкарага эң катаал санкциялар колдонуларын эскерткен.

Түркия менен анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына 9-октябрдан тарта чабуул коё баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасына чектеш аймакта «коопсуз аймак түзүү», ал жерди өзүн террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген.

Түрк бийлигинин аскердик операциясын АКШдан сырткары Европа Биримдиги жана Араб өлкөлөрүнүн лигасы айыптаган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG