Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Президент Токтогул ГЭСин жаңылоонун жүрүшү менен таанышат


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Эки күндүк сапар учурунда Токтогул районундагы жана Кара-Көл шаарындагы таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат жана Токтогул ГЭСин жаңылоонун алгачкы фазасынын жыйынтыгы менен таанышат.

Учурда Токтогул ГЭСин жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул үч фазага бөлүнүп, жалпы баасы 415 миллион доллар деп эсептелген. Бул каражатты Азия өнүктүрүү банкынан жана Евразия өнүктүрүү банкынан насыя иретинде алынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG