Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Алданган үлүшчүлөр көбөйүп жатканы парламентте кеп болду


Бишкек.
Бишкек.

Жогорку Кеңеште алданган үлүшчүлөр маселеси көтөрүлдү. КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып «батир алам» деп үлүшкө кирген, бирок акчадан да, үйдөн да жок отурган адамдардын «армиясы» улам көбөйүп жатканын айтты.

Депутаттын пикиринде, мындай абал өкмөт маселеге тийиштүү көңүл бурбаганы үчүн түзүлүүдө.

- Өкмөттөн жана жеке Мухаммедкалый Дүйшөкеевичтен бул маселени жеке көзөмөлгө алууну суранам. Бул көйгөйдү ал жакшы билет. Бүгүн чечпесек эртең маселени чечиш үчүн бюджеттик каражат талап кылынышы мүмкүн болуп калат, - деди ал.

Аманкулов үлүшчүлөрдүн укугун коргоо максатында мыйзамдарды өзгөртүү боюнча сунуштар даяр экенин, өкмөттүн колдоосу зарыл болуп жатканын айтты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ондогон компания үлүш акчага кабат үйлөрдү куруп жатат. Бирок үлүшчүлөрдүн укугун коргогон мыйзам жок болгондуктан алардын айрымдары алданып калууда.

Өкмөт тиешелүү мыйзам долбооруна өз кошумча-алымчаларын сунуш кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG