Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:55

Текебаев менен Чотоновдун сотунда бүгүн тогуз күбө суралды


Оңдон солго: Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаев жана адвокат Таалайгүл Токтакунова.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралды.

Бүгүнкү отурумда жактоочулар сунуш кылган тогуз күбө сурак берди. Кийинки отурум 28-октябрга белгиленди.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалаган.

Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Иш райондук сотто кайра каралууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG