Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 20-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 21:18

Чүйдүн мугалимдери дистанттык окутуудан өттү


Мугалимдерди дистанттык окутуу учуру. Билим берүү министрлиги жиберген сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда мугалимдерди инновациялык окутуу үчүн беш компьютердик класс ачылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Окутуунун жаңы дистанттык ыкмасы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын өзгөрттү. Мурда мугалимдер эки жума лекция, семинарларды угуп, реферат жазышса, азыр педагогдор бир апта бою дистанттык түрдө окуп, экинчи жумасында Бишкекте практикадан өтөт. Окутуунун жыйынтыгында алар өз иштерин жактап, электрондук тесттен өтүшөт.

Буга чейин курстардын тематикасы теориялык билимди өнүктүрүүгө багытталса, азыр окутуунун темалары мектеп, бала бакча боюнча практикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Педагогдорго жаңы билим берүү да үйрөтүлүп, максат коюу технологиялары, өз ара интерактивдүү байланышуу, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу боюнча практикалык жөндөмдөр үйрөтүлөт.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун бул ыкмасы окуудан өткөн педагогдордун санын жылына 2000ден 8000ге чейин жеткире алат.

Дистанттык окутуу быйыл Чүй облусундагы мугалимдер үчүн уюштурулду. 2020-жылдан тартып бул ыкма өлкөнүн бардык облустарында колдонула баштайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG